Марал Радиосу

Бишкектеги «Нават» чайканасынан өрт чыкты

Бүгүн, 15-мартта Бишкектин Байтик Баатыр жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Нават» чайканасынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Өрт саат 08:30да чектөөгө алынып, саат 09:05те толук өчүрүлгөн.

Кырсыктан чайкананын ашканасынын жыгач устундуу темир менен жабылган чатыры жана желим шыбынын 45 чарчы метри күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар катталган жок.