Аргентиналык футболчу, «ПСЖ» клубунун чабуулчусу Лионель Месси «Алтын топко» талапкерлердин алдыңкы ондугуна кирбей калды. Бул тууралуу бир катар спорттук басылмалар жазды.
Анын орду бир жумада эле 10-орундан 20-орунга өзгөргөн.
Буга «ПСЖнын» «Реал Мадрид» клубунан утулуп, Чемпиондор Лигасынан четтеп калышы себеп экени айтылууда.
Ал эми «Манчестер Юнайтеддин» чабуулчусу Криштиану Роналду учурда 16-орунда келатат.
«Алтын топко» талапкерлердин ичинен алдыңкы ондукка төмөнкү футболчулар кирген:
- Роберт Левандовский («Бавария»)
- Карим Бензема («Реал Мадрид»)
- Мохамед Салах («Ливерпуль»)
- Килиан Мбаппе («ПСЖ»)
- Лука Модрич («Реал Мадрид»)
- Садио Мане («Ливерпуль»)
- Бернарду Силва («Манчестер Сити»)
- Винисиус Жуниор («Реал Мадрид»)
- Душан Влахович («Ювентус»)
- Рияд Марез («Манчестер Сити»)