Марал Радиосу

Месси «Алтын топко» талапкерлердин алдыңкы ондугуна кирбей калды

Аргентиналык футболчу, «ПСЖ» клубунун чабуулчусу Лионель Месси «Алтын топко» талапкерлердин алдыңкы ондугуна кирбей калды. Бул тууралуу бир катар спорттук басылмалар жазды.

Анын орду бир жумада эле 10-орундан 20-орунга өзгөргөн.

Буга «ПСЖнын» «Реал Мадрид» клубунан утулуп, Чемпиондор Лигасынан четтеп калышы себеп экени айтылууда.

Ал эми «Манчестер Юнайтеддин» чабуулчусу Криштиану Роналду учурда 16-орунда келатат.

«Алтын топко» талапкерлердин ичинен алдыңкы ондукка төмөнкү футболчулар кирген:

  1. Роберт Левандовский («Бавария»)
  2. Карим Бензема («Реал Мадрид»)
  3. Мохамед Салах («Ливерпуль»)
  4. Килиан Мбаппе («ПСЖ»)
  5. Лука Модрич («Реал Мадрид»)
  6. Садио Мане («Ливерпуль»)
  7. Бернарду Силва («Манчестер Сити»)
  8. Винисиус Жуниор («Реал Мадрид»)
  9. Душан Влахович («Ювентус»)
  10. Рияд Марез («Манчестер Сити»)