Марал Радиосу

Мушкер Алмаз Орозбеков жаштар арасында Азия чемпиону болду

Кыргызстандык мушкер Алмаз Орозбеков Иорданияда өткөн бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль алды.

60 кг салмактагы Алмаз Орозбековдун беттештери 7-мартта башталган. Алгачкы беттешинде непалдык Сунар Индру Бахадурду 3-раундда мөөнөтүнөн мурда, 11-мартта болгон жарым финалда казакстандык Акбар Бисаревди 5:0 эсебинде жеңип алган.

14-мартта болгон финалдык беттеште Орозбеков тажикстандык Абдурахим Йокубовду 3:2 эсебинде утуп, жаштар арасында Азия чемпиону аталды.

Турнир 14-мартта Амманда жыйынтыкталды.