Марал Радиосу

Улуу Британияда «Украиналык качкындар үчүн үйлөр» программасы ишке кирди

Качкындарды кабыл алууну каалагандар үчүн өкмөт ачкан «Украиналыктарга үйлөр» аттуу веб-сайтка алгачкы беш саатта эле 43 миң 800 адам катталган.

Турак жай жана коммуналдык чарба министри Майкл Гове Улуу Британияда «эң кыйын сааттарда эң аялуу адамдарды колдоо салты» бар экенин айтты. Ал виза демөөрчүлүк схемасы боюнча Улуу Британияга кире турган украиналыктардын санына чек коюлбай турганын маалымдады.

Качкындарды кабыл алган ар бир үй-бүлөгө ай сайын 350 фунт-стерлинг берилет. Украиналыктар ушул акчанын эсебинен бекер баш калкалашат.

Айта кетсек, 24-февралдан бери украиналык качкындар 3 миллионго чукулдады.