Марал Радиосу

Түштүк Корея Украинага аскердик-гуманитардык жардам жөнөтөт

Түштүк Корея Украинага аскердик-гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин өкүлү Пу Сын Чхана билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазды.

«Кандай жардам көрсөтүлөрү боюнча чечим кабыл алынды. Учурда пландар, анын ичинде жеткирүү боюнча сунуштар олуттуу талкууланууда. Биздин өкмөт Украинага курал-жарак эмес, аскердик материал берүүнү чечти», — деди Чхана.

Гуманитардык жардамда каска, кургак тамак, аскердик төшөнчү-орун, аскердик аптечка, чатыр жана башкалар каралган. Бул жардам 804 миң долларга бааланды.

Буга чейин Түштүк Корея АКШнын жалпы Орусияга салган санкцияларын колдоодон баш тартып, бирок Москвага каршы экспорттук чектөөлөрдү киргизүүгө милдеттенме алган.