Марал Радиосу

Азия чемпионаты: Мушкер Назбийке Абаева коло медаль алды

Кыргызстандык спортчу Назбийке Абаева жаштар арасында бокс боюнча Азия чемпионатында коло медаль алды. Бул тууралуу «Sport АКИpress» билдирди.

Турнир ушул күндөрү Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат.

Абаева 52 кг салмакта күч сынашкан.

Кыргызстандык спортчу жарым финалдык беттеште өзбекстандык Рахима Бекниязовага 1:4 эсебинде утулуп, финалга чыга албай калган.

Уландар арасындагы турнирде Кыргызстандын мушкерлери 1 күмүш жана 5 коло байгеге ээ болду.