Марал Радиосу

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Түркияда машыгуу өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы башкы машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилиги астында Түркияда окуу-машыгуу жыйынынан өтүү үчүн (Түркия) Антальяга учуп кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.

Маалыматка ылайык, футбол боюнча Кыргызстандын командасы 14-марттан баштап Анталья шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.

Окуу-машыгуу иштери Азия Кубогуна тандап алуу оюндарына даярдыктын алкагында өткөрүлүп жатат.

Машыгуу жыйынына жалпы 32 оюнчу чакырылган.