Марал Радиосу

Сауд Арабияда 81 кылмышкер массалык түрдө өлүм жазасына тартылды

Сауд Арабияда бир катар кылмышка күнөөлүү деп табылган 81 киши массалык түрдө өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Associated Press жазды.

Сауд өкмөтүнүн маалыматында, өлүм жазасына тартылгандардын айрымдары «Ал-Каида», «ИШИД» террордук уюмдарынын мүчөлөрү жана Йемендеги козголоңчу топторго каржылык көрсөткөндөр.

«Падышачылык терроризм жана бүтүн дүйнөдөгү тынчтыкка кооптуулук жаратуучу экстремисттик уюмдарга карата катуу жана өзгөрүлбөс саясатын улантат», — деп айтылат Сауд Арабия бийлигинин расмий билдирүүсүндө.

81 кишинин өлүм жазасына тартылышы Сауд Арабиянын соңку тарыхындагы эң ири массалык жаза болду. Сауд Арабияда акыркы жолу 2016-жылы 47 адам өлүм жазасына тартылган болчу.