Марал Радиосу

Азия чемпионаты: Өспүрүм мушкер Эмир Кылычбеков күмүш медаль алды

Эмир Кылычбеков Иорданияда өткөн бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында 50 килограмм салмак ченинде күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Азия бокс конфедерациясынын Instagramдагы расмий баракчасында маалымдалды.

Финалда ал өзбекстандык Самандар Олимовго утулуп калды.

Буга чейин өспүрүмдөр арасында 3-орунду Зафарбек Камилов (46 кг), Данияр Темирханов (48 кг), Рамзан Кадыров (63 кг), Мухаммед Азиз Закиров (75 кг), Азим Чойбеков (80 кг) жеңип алышкан.

Ошондой эле Жаштар курамасынын мушкерлери да финалга чыгышкан:

Бекзат Эргешов (48 кг),

Алмаз Орозбеков (60 кг,

Асылбек уулу Акжол (57 кг ).

Ал эми Санжар Теңизбеков (86 кг), Арген Бактыбеков (92 кг), Жодарбек Сапарбеков (92 килограммдан жогору) коло медаль алышты.