Марал Радиосу

Бишкектин көйгөйү: Таштанды талаасына качан көңүл бурулат?

Бишкек шаарындагы эң чоң таштанды полигонунун ачылганына быйыл туптуура 50 жыл болду. Бул жай толук каралбай, учурда эң көйгөйлүү аймакка айланды. Элүү жылдын ичинде топтолгон таштанды чирип-сасып, түтөп, абаны булгап келет. «Санитардык полигон» ишканасына караган таштанды талаасында техниканын жетишсиздигинен убагында түртүлбөй, сорттолбой, аймагы улам кеңейип, белгиленген чектен да өтүп баратат. Пайдалануу мөөнөтү эчак бүтсө да, бул жерди зыянсыздандырып, башка жерге көчүрүү маселеси каралбай турат.

Таштандыны иргөө, кайра иштетүү идеясы буга чейин да бир нече жолу көтөрүлүп, ал тургай Бишкек мэриясы калдык иштеткен завод куруу маселеси каралып жатканын маалымдаган.

Экоактивист Владислав Ушаков бул маселени көптөн бери көтөрүп келаткандардын бири. Ал таштанды боюнча көптөн бери айтылса да, эч бир жылыш жогуна кейийт.

«Бишкек шаарын каптаган ышка шаардык таштандынын да чоң таасири бар. Биз бул маселени көп козгобойбуз. Бирок таштанды полигону күн сайын күйүп жатат. Мен, силер айтып келген баяндаманы 2015-жылдан бери угуп келе жатам, бирок эч кандай жыйынтык жок. Кыргызстанда таштандылар иргелбей, баары чогуу төгүлөт. Бул жерде жөнөкөй жарандарды да күнөөлөө кыйын. Анткени биздин өлкөдө таштандыны өзүнчө бөлүү, аны кайра иштетүүгө берүү үчүн шарт түзүлгөн эмес. Статистикалык маалыматтарга ылайык, ар бир кыргызстандык жылына 200 килограммдан ашык таштанды ыргытат. БСП муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда, жыл сайын полигонго 1010 тоннадан ашык таштанды төгүлөт. Бул таштандынын жарымынан көбүн пластикалык каражаттар түзүп, алар 100-200 жылга чейин чирибейт»

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында полигон тууралуу суроолорго жооп берип жатып, таштандыны рекультивациялоо долбооруна 2013-жылы кол коюлганын, аны 2015-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаганын билдирген.

Анын айтымында, таштандыны зыянсыздандыруу 22 млн еврого бааланып, анын бир бөлүгүнө кайра иштетүү заводу курулмак. Анткен менен бул иштер качан башталары белгисиз бойдон калууда.

«Бишкектин эң биринчи көйгөйү — таштанды полигону. Бул ишти мен аягына чыгарам. Азыр бизде таштандыны кайра иштеп чыгуучу заводго деген 6 миллиондой евро бар. Макул, ал заводду курдук дейли, андан ары кантип утилизация кылабыз? Бул маселенин баарын караштырып жатабыз. Жакынкы 2-3 айдын ичинде завод боюнча ишти баштайбыз».

Эколог Вячеслав Петрович көп жылдык таштандыдан чыккан уулуу аралашманын, кооптуу газдын абага жайылып кетүү коркунучу бар экенин эскертти. Ал абаны эле тургай, жер кыртышын да, сууларды да булгай турганын кошумчалады.

«Таштандыны бөлүп, иргеп алгыдай кылбаса, маселе чечилбейт. Себеби темир, желим, кагазга тамак-аштын калдыгы кошулганда химиялык реакция жүрүп, абада уулуу заттар пайда болот. Баарын бир жерге үйүп, реакция жүрүшүнө шарт түзбөстөн ар бирин бөлүү менен маселени жеңилдетсе болорун айткым келет. Ошондой эле аралык алыс деген менен шамал болгондо ал жердеги уулуу газ, ыш Бишкекке оңой эле келет». 

Ал эми дарыгер Эрмек Исмаилов мындай кир абадан дем алган адамдын ден соолугуна келтириле турган зыяндар тууралуу маалымат берди. Мисалы, адамдын өпкө, жүрөк, баш, аллергия ооруларынын бирден-бир себеби аба ырайынын булганышы экенин айтат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматы боюнча, Жер шарындагы калктын 80%ы белгиленген чектен ашык кирдеген абадан дем алат.

«Окумуштуулар булганыч абанын ден соолукка тийгизген таасирин аныктоо үчүн акыркы 30-40 жыл ичинде топтолгон маалыматтарды анализдеген. Анда алынган жыйынтык боюнча булганыч абанын адамзатка тийгизген таасирине анча көңүл бурулбай келген. Мисалы, абасы кирдеген аймакта жашаган киши 78 жашка чыгып каза болсо, ал таза абада жашагандарга салыштырмалуу 10 жылдык өмүрүн жоготот. Башкача айтканда, бул адам абасы таза аймакта жашаганда 88 жашка чыкмак. Дем алуунун кыйын болуусу, абанын булганышынан улам коронавирус илдетине чалдыккан адамдын оорусу эки эсе оор өтөт жана кооптуу десем жаңылышпайм».

Бишкектеги таштанды жай 1972-жылы 12 жылга ачылган. Пайдалануу мөөнөтү 38 жыл мурун бүтсө да, ушул күнгө чейин жабылбай келет.

Полигондун бүгүнкү күндөгү аянты 71,59 гектарды түзөт. Учурунда 400 миң адамга эсептелген. Учурда Бишкек шаарын миллиондон ашык адам турактайт.

Exit mobile version