Марал Радиосу

Жалал-Абад облусунда төрт жерге кар көчкү түштү (сүрөт)

Жалал-Абад облусунда 4 жерге кар көчкү түшүп, тазалоо иштеринен кийин унаа жол бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

10-мартта болжол менен 12:50 чамасында «Ала-Бука — Жаңы-Базар-Кировка» унаа жолунун 72-75-чакырым аралыктарында Чоң-Сай тилкесинде 4 жерден болжол менен 395 миң 200 куб метр кар көчкү түшүп, жолду тосуп калган.

Жерине Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу, гидрометеорология кызматы жеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Натыйжада жол 10-март түнү 23:00дө бир тараптуу ачылган.