Марал Радиосу

Лавров: Батыш каалаган учурунда кимди болбосун сатып кетиши мүмкүн

Батыш каалаган учурунда кимди болбосун сатып кетиши мүмкүн. Мындай пикирин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

«Орусия мындан ары чечүүчү тармактарда Батышка көз каранды болбоо үчүн баарын жасайт», — деди Лавров.

Ошондой эле министр Украина кырдаалдан Батыштын ишенимдүү өнөктөшү боло албасын түшүнгөндө гана чыга турганын кошумчалады.

Айта кетсек, бүгүн, 10-мартта Түркия тараптын демилгеси менен Анталья шаарында Орусия-Украина-Түркия дипломатиялык форуму өтүп жатат. Ага Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба барды.