Марал Радиосу

Ири нефти базаларга 2 млрд сом насыя берилет

Ири нефти базаларга болжол менен 2 млрд сом өлчөмүндө кыска мөөнөттүү насыя бергенге даярбыз. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Ошондой эле жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлү 1-марттан 10-мартка чейин бензин бир сомго көтөрүлгөнүн, көзөмөл күчөгөндүктөн баалар кескин өспөй турганын кошумчалады.

Мындан сырткары ал Кыргызстанда үч монополист компания бар экенин белгилеп, эгерде бааларды кескин жогорулатышса, тийиштүү чаралар колдонуларын эскертти.

Мунай өндүрүүчүлөр биримдигинин башчысы Канат Эшатов билдиргендей, Кыргызстанда күйүүчү майдын кору эки жумага жетет.