Марал Радиосу

Азия чемпиондугу: Бүгүн бокс боюнча жарым финалдык беттештер өтөт

Кыргызстандын 6 мушкери бокс боюнча Азия биринчилигинде жарым финалда мушташат.

Иорданияда өтүп жаткан чемпионатта Кыргызстандан барган Зафарбек Камилов, Темирхан Данияров, Эмир Кылычбеков, Рамзан Кадыров, Мухаммадази Закиров, Азим Чойбеков жарым финалга өтүштү.

Беттештер бүгүн, 10-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.