Марал Радиосу

Нурбек Муктар: Кыргызстандагы сооданы сомго өткөрүү зарыл

Азыркы дүйнөдө болуп жаткан оор кырдаалдын кесепети Кыргызстанга түздөн түз таасирин тийгизүүдө. Буга байланыштуу серепчи Нурбек Муктар «Маралдын» эфиринде мындан ары абал курчуп, кыргызстандыктарга оорчулук жаратпашы үчүн тиешелүү чараларды көрүү керектигин эскертти.

Ал өкмөттү алгач оптимизацияга барууга, кадр саясатын өзгөртүүгө жана экономикалык реформаларды жасоого үндөдү.

«Бизде кадрдык саясат күчтүү эмес. Эгерде өлкөдө туура кадрдык саясат жүрсө, анда мен көбүрөөк үмүт артмакмын. Ошондой эле бийлик жана өкмөт өкүлдөрү оптимизацияга барышы керек. Башында «кадрларды кыскартабыз» деп, жакшы баштап жатышкан, ошону менен токтоп калды, белгисиз азыр. Мындан сырткары бюджеттик оптимизацияга барып, туура эмес чыгымдарды кыскартуу зарыл. Кыргызстанда доллар менен сатып алгандар жана сатып жаткандар басымдуу бөлүгүн түзүүдө. Бул — өтө жаман жана туура эмес. Мамлекетибизде доллар жөн эле ортодо айланып жүрөт. Ушул себептен өлкөдөгү сооданы сомго өткөрүү зарыл», — деди серепчи.

Exit mobile version