Марал Радиосу

Шашылыш билдирүү: 10-15-март аралыгында айрым жерлерде көчкү жүрөт

10-15-март аралыгында аба ырайы чукул өзгөрөт. Айрым аймактарда нөшөр төгүп, айрым аймактарда кар жаашы мүмкүн. Мындан улам тоолуу аймактарда көчкү жүрүү коркунучу бар. Бул эскертүү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Айрыкча төмөнкү аймактарда көчкү жүрүшү ыктымал:

Бишкек-Ош жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу), 198-255-чакырымы (Ала-Бел, Чычкан капчыгайы);

Ала-Бука—Каныш-Кыя жолунун 70-75-чакырымы жана 86-101-чакырымы (Чапчыма ашуусу);

Красная Горка-Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымы;

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 55-107-чакырымы;

Казарман-Актал-Чат жолунун 42-44 чакырымы (Ийри-Суу тилкеси);

Казарман-Актал-Чат жолунун 60-94 чакырымы (Карагөө ашуусу);

Каракол-Эңилчек жолунун 45-48-чакырымы, 65-90-чакырымы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолдо жүрүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоого чакырат.