Марал Радиосу

Кыргызстанга жүк ташыган вагондордун жаңы партиясы келди (сүрөт)

Бүгүн, 9-март күнү 30 даана  жүк ташуучу вагон жана 1 км жаңы Р65 тибиндеги рельс келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, өткөн жылы ишкана ички эсебинен 100 вагон, 20 км жаңы рельс сатып алган.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 50 вагон, 11 км Р65 тибиндеги рельс келген.

Ошондой эле рельстин кезектеги партиялары келген сайын эски рельстерди жаңысына алмаштыруу иштери жүрүп жатат.