Марал Радиосу

Украина орус армиясы 12 миңден ашуун аскерин жоготконун айтты

«Орус армиясы 12 миңден ашуун аскерин жоготту» деп билдирди Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы.

Баяндамага таянып айтсак, Орусия армиясы 24-февралдан бүгүнкү күнгө чейин төмөнкүдөй жоготууларга учураган:

12 миңден ашуун аскер;

317 танк;

1070 брондолгон техника;

120 артиллериялык система;

56 ракета;

28 абадан коргонуу системасы;

49 учак;

81 тик учак;

482 атайын унаа;

3 жеңил ылдамдыктагы кайык;

60 май ташыган унаа;

7 учкучсуз учуучу аппарат.