Марал Радиосу

Жалал-Абадда кар көчкүдөн жабылган жол ачылды

Бүгүн, 7-мартта саат 10:15тер чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 224-чакырымында болжол менен 10 миң 443 куб метр кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Саат 10:43тө аталган унаа жолдун 271-чакырымындагы Арал постунда жол жүрүүгө убактылуу чектөө киргизилген.

Аталган объектке №23 Жол тейлөө ишканасынын техникалары жана Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.

Натыйжада саат 13:16дан тарта жеңил унаалар үчүн жол ачылды. Ал эми оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө күчүндө калды.