Марал Радиосу

Улан Жусупов Улуу Британияга элчи болду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Улан Жусупов Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышачылыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Улан Жусупов 1971-жылы 24-декабрда Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган. Төрт дипломдун ээси. 1994-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинде, дипломатиялык кызматтарда эмгектенип келет.