Марал Радиосу

Бишкектеги район акимдери аялзатын куттукташты (фото)

Аялдардын эл аралык майрамына карата Бишкек шаарынын төрт району атайын куттуктоо кечелерин өткөрдү.

Октябрь районунун салтанаты «Таберик» балдар театрында өттү. Иш-чарага райондун 200 айымы: Баатыр Энелер, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, дагы башка тармактарда иштеп, мамлекеттик жогорку наам-сыйлыктарды алган айымдар катышты.

Свердлов районунун акимиаты Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында майрамдык концерт уюштурду. Иш-чарага миңден ашуун аялзаты катышты.

Ал эми Биринчи Май акимиатынын иш-чарасы «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр борборунда болду.

Ошондой эле №96 орто мектептин концерттик залында Ленин райондук акимиаты уюштурган майрамдык салтанат өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 600 энеге, кызга 500 сомдон жөлөк пул берилди.

Кечелер балдар чыгармачылык борборлору даярдаган, эстрада жылдыздары катышкан концерттик программа менен коштолду.