Марал Радиосу

Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов каза болду

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Адамкулов Чыңгыз Төлөкович узакка созулган оорудан кийин каза болгонун Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Чыңгыз Адамкулов 45 жашында дүйнө салды.

Эмгек жолун ал 1996-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун соттук отурумунун катчысы болуп иштөөдөн баштаган.

Президенттин 2007-жылдын 31-октябрындагы жарлыгы менен беш жылдык мөөнөткө Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы кызматына дайындалган.

Ошондой эле 2015-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы кызматына жаш куракка жетпей дайындалган.

Exit mobile version