Эртең, 6-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда күндүз мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түштүк чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14,
Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9,
Бишкек шаарында күндүз жамгыр жаайт. Түнкүсүн 3…5, күндүз 12…14 градус жылуу болот.