Марал Радиосу

Ош шаарында ак калпакка айкел тургузулду

5-март Ак калпак күнүн утурлай Ош шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы сейил багына «Ак калпак» инсталляциясы орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Инсталляциянын ачылышы бүгүн, 4-мартта өтүп, ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин төрагасы Шайырбек Нуранов жана башкалар катышты.

Төрт метр бийиктиктеги инсталляция үч бурчтуу призма түрүндө болуп, бардык жагына Ош шаарынын туристтик логотиби жана бир тарабына комуздун, бир тарабына кыл кыяктын сүрөтү чегилип, чокусуна ак калпак кийгизилген.

Ачылыш салтанат майрамдык оюн-зоок менен коштолуп, ак калпакчандардын жөө жүрүшү уюштурулду.

Exit mobile version