Украинадагы согуш сегиз күндөн бери уланууда. Авиациялык чабуулдарга кабылган шаарлар гуманитардык катастрофанын алдында турат. Ал ортодо Орусия менен Украина сүйлөшүүлөрдүн экинчи раундуна өтүп, кечээ 3-мартта калкты эвакуация кылуу, гуманитардык жардам жеткирүү үчүн коридор түзүүгө макулдашты.
Согуштун сегизинчи күнүндөгү маанилүү окуялар тизмеги:
- 3-март күнү Орусия-Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раунду болуп өттү.
- Орусия президенти Франция президенти Эммануэль Макрон менен 90 мүнөттөн ашык телефондо сүйлөшүү өткөрдү. Макрондун айтымында, Путин азырынча согушту токтотуу ниетин билдирген эмес.
- Украинанын бир катар шаарларында атышуулар, жардыруулар уланууда.
- Черниговдо кыйраган урнадылар астынан 33 кишинин сөөгү табылган жана 18 киши жаракат алган.
- Харьковдогу атышууда 13 киши жаракат алган.
- Зеленский Путинге кайрылуу жолдоп, аны сүйлөшүүгө чакырды.
- Украинадагы Запорожье Атомдук электр станциясында (АЭС) өрт чыкты.