Марал Радиосу

Базарбаев: Сотторго басым-кысым фактылары текшерилиши керек

Сотторго карата басым-кысым фактылары боюнча ыкчам иликтөөлөрдү жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу керек. Себеби алар мыйзам бузуп жатат.

Мындай пикирин Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 4-мартта судьялардын курултайында айтты.

Ушундай эле ойду президент Садыр Жапаров да айтып, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын жетекчилерин соттордун ишине кийлигишүүнү токтотууга чакырды.

«Сотторго кысым көрсөткөндүн ордуна, алардын ишине болгон кийлигишүүлөргө ар тараптан бөгөт коюп, андай көрүнүштөрдү түп тамырынан бери жоюп, басым-кысым фактылары боюнча ыкчам иликтөөлөрдү жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартсаңар, ошондо мыйзамдуулуктун сакталышына жана Кыргыз Республикасынын чыныгы укуктук мамлекет катары чыңдалышына зор салымыңарды кошкон болосуңар» , — деди Жапаров.