Марал Радиосу

УКМК: Ош милициясынын кызматкери ишкерден пара алып кармалды

Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери опузалап пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

2-мартта 20 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Б.Т.А. кармалган.

Кармалган жаран ишкерден маселесин оң жагына чечип берүү үчүн опузалап пара талап кылгандыгынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98- беренесине ылайык УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылган.

Учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.