Марал Радиосу

Адис: Бизнести автоматташтыруу зарыл

Бизнести автоматташтыруу мындайча айтканда, бизнести жеңилдетүү дегенди түшүндүрөт. Бул — учурдун талабы жана ар бир бизнес өкүлүнө зарыл нерсе. Мындай пикирин PEAKSOFT компаниясынын IT-адиси Улан Шаршенов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал мисал келтирип, эгер ишкерде кийим дүкөнү болсо, андагы товарлардын келиши, сатылганы тууралуу ар кандай маалыматтарды кагазга жазып отурбай, баарын электрондоштуруу ыңгайлуу жана натыйжалуу болорун айтты.

Адис бизнести электрондук форматка өткөрүү жолдорун айтып берди.

«Бизнести онлайн форматка өткөрүп автоматташтырууга болот. Алалы, жөнөкөй бир WEB тиркеме жасасак, сатылып жаткан товарлар электрондук түрдө көрсөтүлүп турат. Эгерде товарды онлайн автоматташтырылган системага байлап койсо, жылдын эсебин чыгарганга оңой болот. Автоматташтырууга өтүү анализ кылганга да кыйла жардам берет. Анын алкагында кайсы кийимге суроо-талап көп экенин, кайсынысы көп сатылганын да көрүүгө болот», — деди Шаршенов.

Адис Кыргызстан автоматташтырууга толук өтө электигин кошумчалады.

Exit mobile version