Марал Радиосу

Депутат: КТРКны улутташтыруу – убакыттын талабы

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова «Маралдын» эфиринде КТРКны улутташтыруу мыйзамы кабыл алынганда анын үстүнөн сөзсүз мамлекеттик деңгээлдеги көзөмөл болушу керектигин баса белгиледи.

Эл өкүлү азыркы тапта «Кыргыз Республикасынын улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы гана кабыл алынганын айтты. Эми алдыдагы парламенттин экинчи окуусунда аталган мыйзам таптакыр башкача көз карашта караларын, тагыраагы, кечээки биринчи окууда айтылган кемчиликтер, сунуштар эске алынып, өзгөртүүлөр киргизилерин кошумчалады.

«Депутаттык фракцияларда, комитеттерде, топтордо бул мыйзамдын ар бир пункту такталып, аныкталып, алымча-кошумчалар каралат. Андан кийин коомдук угууда каралып, алардын пикирлери да эске алынат», — деди Нарматова.

Ал бул мыйзам кабыл алынса, зыян болбосун билдирип, КТРКны улутташтыруу убакыттын талабы жана зарылчылык экенин кошумчалады.

Ошондой эле КТРКнын ишин ийгиликтүү жүргүзүү, өнүктүрүү жетекчиликтин колунда болорун баса белгиледи.

Exit mobile version