Марал Радиосу

Нуржамал Табалдиева: Чыгармачылык жалкоолорду сүйбөйт

Кыргыз эл артисти Нуржамал Табалдиева быйыл 70 жашын белгилөө алдында турат. Ал эми сахнада жүргөнүнө, чыгармачылыкка аралашканына 53 жыл болду. Кутман куракка келсе да, жаштардан кем калышпаган жигер менен учурда да Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы «Эл ырчысы Эстебес» тобунда эмгектенип келет. Нуржамал эже менен чыгармачылыктын чыйыр жолуна калтырган изи, өткөнү, бүгүнү туурасында «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» уктуруусунда маектешип, көз карашын, ой-пикирин, каалоо-тилегин тыңдадык.

— Кепти алгач ишиңиздеги, чыгармачылыгыңыздагы жаңылыктардан баштасак…   

— Азыркы жашоо ооруга байланыштуу болуп жатпайбы. Алдыда чоң пландарыбыз бар. «Эл ырчысы Эстебес» тобунун жетекчиси Аалы Туткучевдин жазган сценарийи боюнча беш концертибизди элибизге тартууладык. Азыр шартка байланыштуу концерт бере албай турган учурубуз. Бирок филармонияда жаңылануу пайда болуп, артисттерибиздин баарын жакын арада аттестациядан өткөрүү каралып жатат. «Апрель айынан баштап маяна көтөрүлөт» деген кабар уктук. Буюрса, биз тарапта жакшы жаңылыктардан уучубуз кур эмес. Ал эми менин жеке өзүмдө чоң жаңылык, быйыл 70 жашка чыгам. Чыгармачылыкта жүргөнүмө 53 жыл болот. Буюрса, 20-апрелде чоң концертимди берем. Күндөлүк жашоодо болсо токтомой жок, ырчылар ырдап турушу керек да.

— Нуржамал эже, ушул жолго кантип келип калдыңыз? 

— Апам аябай жакшы ырдачу экен. Бирок, кесиби боюнча мугалим эле. А киши 38 жашында төрөттөн каза болуп калды. Мен 8 жашта элем. Элесин гана билем. 2-класста окуп жүргөндө филармониянын ырчылары Гүлмайрам Момушева, Зейнеп Шаакеева, Гүлсүн Мамашева ырчы эжелерибиз кыргыз элине таанылып, дүңгүрөп турган мезгили болчу. Ошолордун ырларын ырдап, «ушулардай ырчы болсом» деп, балалык сезим менен аябай эңсечү элем. 10-классты 1969-жылы бүттүк. Атам: «Университетке тапшырып кой», — деди. Математиканы жакшы окучу элем. Биринчи документимди мехматка тапшырып, дагы бир документимди филармониянын эки жылдык студиясына тапшырдым. Университетке экзамен берип, кулап калдым. Баары капа болуп жатышса, мен аябай кубандым. Ошол жылы 23-август күнү филармонияга экзаменге кирдим. Комиссияда он чакты киши отуруптур. Бир канча ырды ырдатып көрүштү. Мен ырды бат жаттап алчумун. Төлөбек Итигулов деген байке аккордеондо коштоп, баарын туура, так ырдап бердим. Комиссияда олтургандар таң калышып, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине кабыл алышты. Ошол убактарда Өзбекстандын маданият күнүнө даярданып жатышкан экен, мени да кошуп алышып, бир жумага жөнөп кеттик. Андан ары Латвияга барып, комуз менен ырдап жаттым. Казакстан, Орусиянын чоң-чоң шаарларын кыдырып, 3 ай жүрүп келдик. Оркестрде менин композитор, обончу, аталаш агам Кадырбек Кыдыралиев иштечү. Гүлмайрам Момушева жеңем болчу. Командировкада жүргөндө байкем «Жыргалым» деген ырга аранжировка жасап берди. Биринчи чыгармачылык жашоом жакшы, эсте каларлык күндөр менен башталган. Үч ай жүрүп келгенден кийин студияга экзамени жок кабыл алышкан. Окуп жүрүп да, оркестрдин концертине бир-эки жолу катыштым. Андан кийин кыргыз бригадалар менен биргеликте айылдарга, райондорго командировкага чыгып жүрдүк. Мен комуздан «Чабандын болдум эрмеги» деген Канымгүл Досмамбетованын ырын гана билчү элем. Бир жолу Таласка командировкага чыктык. Бурулча Какишова, Анара Мадиева, Чынара Калыбекова, Бүбайша Маматкалыкова деген жапжаш кыздар менен чогуу иштейт элек. Командировкада жүргөндө, «Сенин үнүң Мыскалга окшоп турат. Ошол эженин ырларынан үйрөнүп, ырдап көрбөйсүңбү?»- деп сунушташты. Мыскал эже аткарган «Кызыл гүлдү», «Алымканды» үйрөнүп, комуз менен ырдап жүрдүм. Келгенден кийин чыгармачылыгымдын чыйыры башталды.

— Үч ай гастролго кеткен учурда атаңыз кандай кабыл алды?

— Атам: «Университетке тапшыр, эгер өтпөй калсаң, анда өзүң каалаган окууңа бара бер», — деген. Гастролго кетип жатканда баары узатышып, сүйүнүштү. Тагдырым ошол жакка буйруп коюптур да. Эгер университетке өтүп кетсем, анда такыр башкача болмок. Балким жолдошума жолукмак эмесмин. Жолдошум Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде музыкант болчу: комузда, кыл кыякта ойночу. 1972-жылы баш кошуп, чогуу командировкалап иштеп жүрдүк .

— 50 жылдан ашуун чыгармачылыкта жүрөсүз. Талантты багып өстүрүп, аны элге тартуулоо үчүн эң чоң эмгек керектелет. Үй-бүлө менен ишти бирдей алып кетүү оңой болбогон чыгар…

— Албетте, биздин учурда командировкага аябай көп чыкчубуз. Мени «комуз менен ырдайсың» деп, кыргыз биригадасына кошуп койгон. Жолдошум болсо оркестрде калды. Чыгармачылыгымдын ушундай бийик деңгээлге жетишине жолдошумдун чоң таасири бар. Комузумду баптап, таптап бурап берип, ырыма чейин тандап берип, көмөк көрсөтүп турар эле. Мен гастролго кетсем, балдарды карап калчу. Экөөбүз бири-бирибизге эриш-аркак болуп, балдарыбызды чоңойттук.

— Сырттан караган адамга ырчылар жыргап эле жүргөндөй туюлат да. Өнөрүңүздүн ысык-суугун да айта кетсеңиз?

— Эми өзгөчө аял кишиге чыгармачылыкта иштөө өтө кыйын. «Артисттердин бир көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн ит көрбөйт» деп коёбуз. Командировкага чыкканда ар кандай шарттар болот. Малчыларга көп концерт коёр элек. Ал жерде көп болсо 10-15 чабан отурат. Канча адам болсо да, дайындалган жерлерге барып, кыштын 40 градус чилдесинде жука шым, жука көйнөгүбүз менен ырдаган күндөрдү баштан өткөргөнбүз. Азыр болсо көптөн бери командировкага чыга элекпиз. Филармонияда ар кандай шарттарга байланыштуу өзүбүздү-өзүбүз актай албайт экенбиз. Мурун өкмөт каржылап турчу. А азыр андай шарт жок. 2 жыл мурун Ош облусуна филармониянын жамааты 360 киши менен беш күн жүрүп, концерт берип келгенбиз. Бул биздин көп жылдан берки жеңишибиз болду. Чыгармачылыгыбызга биздин мүдүрүбүз Кыргызбай Арапбаевичтин чоң салымы бар. Андан кийин «Эл ырчысы Эстебес» тобунун жетекчиси Аалы «эл суранып жатат» деп, Алайга барып, эки жолу концерт бергенбиз.

Эл да бизди сагынды. Биз да элдин кол чабуусун сагындык. Өзгөчө айыл жергесинде абдан жакшы кабыл алчу. Элдин кол чабуусу, колдоосу бизге чоң энергия берип турат.

— Баш-аягы канча өлкөдө болдуңуз? Жер кыдырып, көп эле өлкөнүн маданиятын көрүп келгендирсиз…

— Эң биринчи 1978-жылы Щвецияга баргам. Анда Союз учуру, 15 республика кезек-кезеги менен бизди чыгарып турчу да. Ошондо жалаң дөө-шаалар Кайыргүл Сартбаева, Болот Миңжылкыев, Дарика Жалгасынова, Токтоналы Сейталиев, Айсулуу Токомбаева, Самара Токтакунова баштаган жалпы филармония менен кыргыздын ар бир облустарынан таланттарды кошуп туруп барганбыз. Концерт ушунчалык жакшы деңгээлде өтүп, бизди жакшы кабыл алышты. Андан кийин Щвейцарияга, Норвегияга 2004-жылы бардык. Алардын тилинде фольклордук ыры бар экен. Ошол жерде мага сөзүн жазып берип, «ырдап бериңиз» деп суранып калышты. Текстти жаттап, ырдап жатсам, залдын баары күлүштү. Мен: «Сөздөрдү туура эмес айтып жатамбы?» — деп кабатыр болдум. Ыр  8 куплеттен турат. Кийин сураштырсам, көрсө ал Норвегиянын унутулуп калган тээ илгерки фольклордук ыры экен. Алар Кыргызстан деген өлкөнү таанышпайт экен. «Унутта калган ырыбызды ырдап берип жатат», — деп жакшы көрүшүп, жылмайып сүйүнүшүптүр. Японияга эки жолу бардык. Ал өлкөдөн «бир комузчу, бир ырчы, бир кыл кыякчы» деп чакыруу келген экен. Самара эже комузчу, мен ырчы, кыл кыякчы Хадима Берикбаева деген эжебиз тандалды. Жапон тилинде эки ыр берген. Бирөө балдар ыры, экинчиси деңиз жөнүндө фольклордук ыр экен. Концерт бүтөрү менен жапондор тегеректеп алып эле суроо берип баштайт. А мен: «Түшүнбөйм, билбейм, жөн гана тестти берип, мен ырдадым», — десем таң калышат. Ушундай кызыктуу күндөрүбүз көп болгон (күлүп).

— Устаттарыңыз кимдер болгон? Алардан өзүңүзгө кандай сабак ала алдыңыз?

— Устаттардан эң биринчи үнүмдү ордуна коюп, таптаган мугалимим Дарика Жалгасынова болду. Эжейибиз эки жыл студиядан ырды кантип ырдап, кантип созуу керектигин үйрөтүп, дем алууну да жөнгө салып берген.

— Атактуулук адамды өзгөртөбү?

— Эми ар кандай адамдар бар. Эл канчалык сый-урмат менен тосуп турса, өйдөлөгөн сайын ого бетер ылдый болушум керек деп билем. Дайыма бир калыпта жүргөнгө аракет кылам. Себеби, биз элдин көзүндөбүз. Сүйлөгөндө, баскан-турганыбыз элдин назарында болгондуктан, өзүбүздү жакшы алып жүрүшүбүз керек. Чыгармачылыкта адамдык сапат да бийик болушу керек деп билем.

— Ырчылык өнөрдү алып кетүүдө эмнеге көңүл буруу керек?

— Ырчылык өнөрдү аркалагандан кийин, биринчиден, үндү тапташ керек деп ойлойм. «Эл ырчысы Эстебес» тобунда 4 кызыбыз бар. Өздөрүнүн апаларындай көрүп, алар мени тамашалап, «кызыке» деп коюшат. Ошондой жаштардын арасында жүрүп, өзүмдү кээде жаштай сезип эркелеп кетем. Дайыма олтурганда Бурулча Какишова, Сүйдүм Төлөкова, Ырыс Ташыбекова, Рамила Ырсалиева эжелерди эскерип, көп нерселерин айтсам, кыздар: «Эмне үчүн дайыма эжелерди унутпай айтып жүрөсүз?» — деп сурап калышат. «Биз деген түбөлүк эмеспиз, мен деле араңардан кетем. Силер айтылган сөздөрдү эсиңерге тутуп калып, мени эскерип айта жүргүлө. Өткөндөрдү эстеп жүргөн абдан жакшы болот», — дейм. Өзүм жашоодо кичине жалкоороок экем да. Чыгармачылыкта көп ырды жаттап коюп, жаздырбай калдым. Үн деген дайыма шаңдуу боло бербейт экен, өкүнгөнүм, убакыттан уттурдум.

— Азыр кайсы жанрга көбүрөөк басым жасайсыз?

— Комуз менен ырдай берем. Бирок концерт берип жатканда, көбүнчө оркестр менен 4-5 ырды аткарам. Эстрада жанрынан да бир топ ыр даярдап койдум. Үч жыл мурун 50 жылдык чыгармачылык кечемди бергем. Ошондо оркестр, эстрада, комуз, аккордеон деп, 4 блок менен концерт бердим.

— Сиз менен баарлашуу мен үчүн зор сыймык! Жалпы журтка сизден калоо-тилек болсун.

— Ар бир үй-бүлөгө ден соолук тилейм. Жалпы кыргыз элибизге, чыгармачыл чөйрөдө жүргөн инсандарга ийгилик каалайм. Мамлекетибиздин экономикасы өнүгүп, дүйнөгө жакшы жактарыбыз менен таанылсак экен деп тилейм. Азыр жаңы өнүгүп келе жаткан мамлекетпиз. Жаман жагын жашырып, жакшылыгын ашырып, улууну урматтаган, кичүүнү сыйлаган калктан бололу. Өзүбүздүн салтыбыздан такыр ажырабай, дайыма жакшылыкта жүрөлү. Элибизде тынчтык, токчулук, молчулук болсун!

— Тилектериңиз кабыл болсун. Сизге чоң ырахмат!

Exit mobile version