Бүгүн, 2-мартта Орусия делегациясы Украина делегациясы менен сүйлөшөт. Бул тууралуу Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
«Чындыгында карама-каршы маалыматтын белгилүү бир элементи бар. Бирок мен сизге кайсы бөлүгү карама-каршы келген маалыматка тиешелүү эмес экенин айтып берейин. Бүгүн түштөн кийин, кечке жуук биздин делегация ошол жерде болуп, Украина делегациясын күтөт», — деди ал.
Ошол эле учурда Кремлдин басма сөз катчысы кеңири маалымат айтуудан баш тартты.
«Бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн зарыл болгон бардык шарттар Орусиянын президенти тарабынан так иштелип чыккан», — деди Песков.
Ал сүйлөшүүлөрдүн ордун алдын ала атабай турганын кошумчалады.
Эске салсак, 28-февралда Украина менен Орусиянын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы болгон. Ал 6 саатка созулган.
Украин тарап менен сүйлөшүүлөргө катышкан Орусия президентинин жардамчысы Владимир Мединский кийинки айлампасы жакынкы күндөрү Польша-Беларусь чек арасында болушу мүмкүн экенин кабарлаган.
Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев Москва менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасында күткөн жыйынтыкка жете элегин, украин бийлиги экинчи айлампага өтүүнү делегация кайтып келип, биринчи сүйлөшүү жараянын талдап чыккандан кийин чечерин билдирген.