Connect with us

Украинанын Херсон шаары Орусиянын көзөмөлүнө өткөнү айтылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2022 | 786 | 0

Орусия Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы, генерал-майор Игорь Конашенков Украинанын Херсон шаары орус армиясынын көзөмөлүнө өткөнүн кабарлады.

Ал шаардагы бардык ишкана, мекеме, коомдук имараттар,  коомдук унаалар кадимки тартипте, күн сайын иштей берерин кошумчалады.

Бирок Херсон шаары багынып бергенин ырастай элек. Шаар мэри Игорь Колыхаев «Фейсбук» баракчасына «Биз дагы деле Украина тараптабыз» деп жазды.

Херсон облусундагы атышуулар Орусия кол салган алгачкы күндө эле башталган.

Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда Украинага аскердик операция жарыялаган. Кол салуу башталганына 7 күн болуп калса да, жардыруулар токтой элек.

Орусия армиясы 1-мартта күндүз Киевдеги телемунарага сокку уруп, андан беш украин каза тапса, 2- мартка караган түнү Киев, Харьков жана Херсон шаарларына чабуул жасаганы кабарланды.

Ошондой эле Украинанын түндүк-батышындагы Житомир шаарында орус күчтөрү 2 жай тургунду атып өлтүргөнү, Таганрогдогу аэродромдун аймагында ракета жарылганы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM