Марал Радиосу

Жалал-Абадда үй өрттөнүп, бир адам каза болду

Базар-Коргон шаарчасындагы Сай-Коргон айылында үй өрттөнүп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Үй өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат ӨКМдин Базар-Коргон шаардык бөлүмүнө бүгүн, 2-мартта саат 9:25те түшкөн. Жерине 9:45те барган кызматкерлер саат 10:57де толук өчүрүп бүтүшкөн.

Өрттөнгөн жайды текшерүү учурунда 33 жаштагы С.А. аттуу жигиттин сөөгү табылган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда.

Exit mobile version