Марал Радиосу

Футбол: Кыргызстандын курамасы эл аралык мелдешке катышат

25-29-март аралыгында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Өзбекстанда боло турган Navruz Cup-2022 эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси билдирди.

Турнирге Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Уганда катышат. 25-мартта 1/2 финалында Тажикстандын командасы Уганда менен беттешет. Ушул эле күнү Кыргызстандын командасы жарым финалда Өзбекстан менен оюн өткөрөт.

Жеңген командалар финалда, жеңилгендер үчүнчү орун үчүн беттеште кез келишет.

Финалдык беттештер 29-мартка белгиленген.