Connect with us

Орусия «Эхо Москвы» радиосунун жана «Дождь» телеканалынын сайттарын жапты

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2022 | 348 | 0

Орусиядагы «Эхо Москвы» радиосу жана «Дождь» телеканалы жабылып, сайттарына бөгөт коюлду. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги өлкөнүн Башкы прокуратурасына таянып жазды.

Башкы прокуратура бул басылмалардын сайттарында экстремисттик аракеттерге, зордук-зомбулукка үндөгөн маалыматтарды, ошондой эле атайын операциянын алкагында орусиялык аскер кызматкерлеринин аракеттери тууралуу атайылап жалган маалыматтар жайгаштырылганын жүйө келтирди.

«Эхо Москвы» радиосунун программалары жана «Дождь» телеканалы YouTube аркылуу чыгууну улантууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM