Орусиядагы «Эхо Москвы» радиосу жана «Дождь» телеканалы жабылып, сайттарына бөгөт коюлду. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги өлкөнүн Башкы прокуратурасына таянып жазды.
Башкы прокуратура бул басылмалардын сайттарында экстремисттик аракеттерге, зордук-зомбулукка үндөгөн маалыматтарды, ошондой эле атайын операциянын алкагында орусиялык аскер кызматкерлеринин аракеттери тууралуу атайылап жалган маалыматтар жайгаштырылганын жүйө келтирди.
«Эхо Москвы» радиосунун программалары жана «Дождь» телеканалы YouTube аркылуу чыгууну улантууда.