Марал Радиосу

АКШ Орусиянын учактарына аба мейкиндигин жапты

Америка Орусиянын учактарына аба мейкиндигин жапты. Бул тууралуу президент Жо Байден шейшемби күнү кечинде АКШ Конгрессинде жасаган жылдык баяндамасында айтты.

«Мен союздаштарыбызга кошулуп, Американын аба мейкиндигин Орусиянын бардык каттамдары үчүн жаап жатканыбызды жарыялайм», — деди ал.

Эске салсак, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин аскердик операция башталганын жарыялаган. Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу орун алган. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоону жана бомбалоону улантууда. Буга байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусияга бир катар санкцияларды жарыялады.

Exit mobile version