Марал Радиосу

Зеленский Кыргызстандагы элчисин чакыртып алды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенкону чакырып алды. Бул тууралуу ал бүгүн элге жасаган видео кайрылуусунда билдирди.

Зеленскийдин айтымында украин элчиси Кыргызстандын позициясы үчүн чакыртылып жатканын баса белгилеген.

«Биздин дипломаттар азыр өз сөзүнө жана эл аралык укукка чыккынчылык кылган өлкөлөргө карата адилеттүү жана өтө зарыл чечимдерди ишке ашырууда. Биз Украинага каршы агрессияны актоо үчүн, кеңешүү үчүн Кыргызстандагы элчини дароо чакырып алабыз», — деп кошумчалаган.

Мындан тышкары Украинанын Грузиядагы элчиси дагы “Грузия жардам берүүнү каалаган ыктыярчыларга тоскоолдук кылганы жана санкцияларга карата моралдык жактан туура эмес позициясы үчүн” консультацияга чакыртылып алынганы белгиленген.

Буга чейин Грузия бийлиги Батыштын Орусияга киргизген санкцияларына колдоо көрсөткөн эмес. Ал эми Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү Кремль тарабынан «Кыргызстан Орусиянын аракеттерин колдойт» деген маанайда берилген. Бирок кыргыз президентинин расмий сайтында президенттер жөн гана кырдаалды талкуулаганын билдирген.

Эске сала кетсек, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталганын жарыялаган. Натыйжада Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу орун алган.

Украинадагы согуш: Ар бир кыргызстандыктын чөнтөгүнө сокку ура турган жагдайлар

Exit mobile version