Марал Радиосу

Жанар Акаев «Альянс» фракциясынын лидери болду

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттеги «Альянс» фракциясынын лидери болду. Бул тууралуу аталган фракциядан кабарлашты.

Фракциянын 1-марттагы жыйынында лидерликке Жанарбек Акаевдин талапкерлиги сунушталып, депутаттар бир добуштан колдошту.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталды.

«Альянс» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.