Марал Радиосу

1-март Адвокаттар күнү деп жарыяланды

Өлкөдө адвокаттын статусун жогорулатуу максатында Адвокаттар (жактоочулар) күнүн кесиптик майрам катары жыл сайын 1-мартта белгилөө жөнүндө токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу Юстиция министрлигин маалмат кызматы билдирди.

Юстиция министрлиги билдиргендей, адвокаттын кесиптик иши компетенттүүлүк, чынчылдык, абийирдүүлүк, жоопкерчилик жана купуялуулук принциптерине негизделиши керек.

Кыргызстанда адвокат кесибине 97 жыл толду. Архивдик документтерге ылайык, Кыргыз адвокатурасынын тарыхы РСФСРдин курамында Кара кыргыз автоном облусу түзүлгөн күндөн тартып эсептелет.

Дал ушул Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөндөн кийин РСФСРдин Кара кыргыз автоном облусунун революциялык комитетинин Президиумунун 1925-жылдын 1-мартындагы № 45 токтому менен 3 адамдан турган биринчи жактоочулар коллегиясы түзүлгөн.