Марал Радиосу

Акыйкатчылыкка аттангандардын мүдөөсү жана көксөөсү

Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында Акыйкатчы кызмат ордуна сунушталган талапкерлер каралды. Фракциялар кызматка төрт талапкерди сунушташты. Алардын катарында «Ынтымак» фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн, мурда эки ирет акыйкатчы болгон Турсунбек Акун да бар. Анын сунушталышы коомдо нааразы пикирлерди пайда кылууда. 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бүгүнкү жыйынында акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын, Турсунбек Акундун, Маматурайым Момуновдун, Бакытбек Узенбаевдин талапкерлигин карады.

Турсунбек Акунду жана Атыр Абдрахматованы «Ынтымак» фракциясы, Маматурайым Момуновду, Бакытбек Узенбаевди, Атыр Абдрахматованы «Ыйман Нуру» фракциясы көрсөткөн.

Тармактык комитет 22-февралда Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин караган. Аны «Ишеним», «Бүтүн Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциялары көрсөткөн.

Акыйкатчы кызматына талапкерлер көрсөтүү боюнча фракциялардын чечими комитетке кечээ түшкөн, бүгүнкү жыйында ал жаңыланган варианты катары киргенин комитеттин төрагасы Медербек Алиев билдирди.

«Кечээ фракциялардын Акыйкатчы кызматына талапкерлер сунуштоо чечими комитетке келип түштү. Ошого байланыштуу бүгүнкү регламентке жаңылануу варианты катары кирди».

Мыйзам боюнча парламенттик фракциялар Акыйкатчы кызматына үчкө чейин талапкер сунуштоого укуктуу. Жогорку Кеңештин «Ыйман Нуру» фракциясы үч талапкер сунуштап жатканын аталган фракциянын депутаты Замирбек Мамасадыков билдирди.

«Ыйман Нуру» фракциясы Акыйкатчы кызматына үч талапкер сунуштап жатат. Алар: жарандык активист Бакыт Узенбаев, мурда акыйкатчынын орун басары болуп иштеген Маматурайым Момунов жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова».

Мыйзам боюнча талапкерлерди Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети аңгемелешүүдөн өткөрүп, андан соң мүчөлөрдүн көпчүлүк макулдугу менен парламенттин жалпы жыйынына алып чыгат.

Комитеттин жыйынында талапкер Турсунбек Акун Кыргызстанды адам укугу сакталган, инвесторлорго ишенимдүү өлкөгө айлантуу максатында талапкер болуп бара жатканын айтты.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандын Акыйкатчы институту оор абалга тушугуп, акыркы үч баяндамасы тапшырылбай турат.

«Кеткен омбудсмендер тарабынан үч баяндама тапшырылбай калды. Бул — аябай оор маселе, Акыйкатчы институту оор абалда турат. Ошондуктан мына ошону тез аранын ичинде көтөрүп, баяндамаларды тез арада тапшырып, институттун ишин кайра жолго коюу керек. Ошол эле учурда мурдагы баяндамаларды тапшыруу канчалык оор иш экенин өзүңүздөр билесиздер. Акыйкатчы институтуна арыздардын 70%ы сот, прокуратура жана укук коргоо органдарынан түшөт. Системада бийлик алмашып, жаңы өзгөрүүлөр болгону менен ортоңку катмар ошол эле бойдон калып жатат. Ошондуктан адам укугун өтө тебелеп жаткан жактар бар. Туура, акыйкатчы өлкөдөгү адам укугунун абалы боюнча мониторинг жүргүзүп, бийлик органдарына сунуштама гана бере алат».

Эки ирет акыйкатчы болгон Турсунбек Акундун талапкерлигин коомчулук кызуу талкууга алууда, аны көрсөткөн «Ынтымак» фракциясынын лидери Марлен Маматалиев мыйзам боюнча жарандар өзүн-өзү көрсөтө албагандыктан, Турсунбек Акундун талапкер катары катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүп беришкенин билдирип, өзү Атыр Абдрахматованы колдой турганын жазган.

Талапкер болуп бара жаткан Мамат Момунов Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы үчүн биринчи кезекте жарандардын укуктук сабатсыздыгын жоюу керектигин белгиледи. Ал 2018-жылы да Акыйкатчы кызматына «Бир Бол» фракциясынан көрсөтүлүп, кийин өз талапкерлигин алып салган.

«Ал үчүн таасирдүү эл аралык уюмдар менен биргеликте иштешип, жардамын алып, жер-жерлерде тегерек стол, конференцияларды өткөрүп, болгон мүмкүнчулүктү пайдаланып, сабатсыздыкты жоюу керек. Экинчиден, Акыйкатчы иниституту парламенттик орган болгондуктан, парламент менен тыгыз иштешсек, көп ийгиликтерге жетебиз. Ошондой эле адам укугун коргоо жаатында массалык маалымат каражаттарын көбүрөөк иштетишибиз керек».

Ал эми талапкер Бакытбек Узенбаев Кыргызстанда акыйкатчы институту канча жылдан бери иштесе да, чыныгы жүзүн көрсөтө электигин белгилеп, чек араны кантип коргоп келген болсо, адам укугун да ошондой коргой турганын айтты.

Талапкер буга чейин кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча пикирлерин билдирип келген.

«Мага айрымдары: «Сенин юридикалык билимиң жок экен», — деген суроо беришти. Кеп билимде эмес, юридикалык билими бар соттор, прокурорлор канчалаган адамдын укугун бузуп, канча адам камалганын көрүп келе жатабыз. Бул жерде эл үчүн иштей турган таза жүрөк, коркпогон бийликтин кол жоолугуна айланбаган, кыргыз элине, мамлекетине күйө турган омбудсмен керек деп ойлойм. Чек араны кантип коргоп келген болсом, адам укугун да ошондой коргоого даярмын».  

Парламенттин төрт фракциясы талапкерлигин сунуштаган Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова программасы жети бөлүктөн тураарын төмөнкүчө билдирди:

«Менин программам 7 бөлүктөн турат. Биринчиси, сөз эркингдиги, ой эркиндиги жана саясий плюрализм. Бул биздин 30 жылдагы эң чоң жетишкендиги. Мындан эч ким тайбайт. Бул үч көрсөткүч кандай гана жашабайлы болушу керек. Экинчиси, социалдык. Биздин акыйкатчылар көп учурда абактарда отургандар менен мыйзамсыз кылмыш ишин козгогондор менен иштешип жатат. Менин оюм боюнча социалдык аялуу жактар менен иштешүү керек. Үчүнчү, билим берүү жана эмгек укуктарыбыз. Төртүнчү, сот адилеттүүлүгү менен адам укуктарын коргоосу. Андан кийин адилеттүүлүккө жетишүү. Ошондой эле укук коргоо органдарындагы адам укуктарынын коопсуздугу».

Талкуунун соңунда тармактык комитет сунушталган талапкерлерди Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүү чечимин кабыл алды.

Кыргызстанда Акыйкатчы институту 2002-жылы ноябрда ачылган. Ал адамдардын жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган. Кыргызстандын биринчи Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу болгон.

Exit mobile version