Бүгүн, Киев убактысы боюнча 13:00гө карата 107 кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов «Фейсбук» баракчасына жазды.
Элчинин маалыматына караганда, 107 кыргызстандык жаран бүгүн атайын автобустар менен Киев шаарынан Венгрияга көчүрүлдү. Алардын 34ү жаш бала экени айтылды.
Буга чейин элчиликке өлкө аймагынан чыгып кетүүнү каалаган 300дөн ашык кыргызстандык кайрылганын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдаган.
Акыркы маалыматтар боюнча Украинанын аймагында 1357 кыргыз жараны жашайт, алардын 680и элчиликтин консулдук каттоосунда турат.
Украинадагы азыркы кырдаалга байланыштуу Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка кеңештерди берүү үчүн төмөндөгүдөй ыкчам байланыш телефондору иштөөдө:
Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:
+380997573413
+380442370346
+380442370348 — элчиликтин WhatsApp группасы
КР ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:
+996 551 312 000 — ишеним телефон
+996 703 428 865
+996 709 983 465
++996 554 065 215