Connect with us

БУУ: Украинада согуш башталганы 102 жай тургун каза болгон

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Фев 2022 | 329 | 0

Украинада согуш башталгандан бери 102 жай тургун каза тапкан, анын жетөө жаш бала. Бул маалыматты Женевада өткөн жыйында БУУнун жогорку комиссары Мишель Бачалет айтканын ТАСС агенттиги жазды.

«Биздин кеңсе 24-февралдын таңынан бүгүнкү таңга чейин 406 жай тургун жабыркаганын каттады. Анын ичинде 102 киши каза болгон. Арасында жети бала бар. 304 жаран жарадар болду», — деди Бачелет.

Ал чыныгы сан мындан да көп болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Буга чейин БУУнун башкатчысы Антониу Гутерриш Орусиянын Донбасстагы атайын аскердик операциясы адам укуктарынын бузулушуна алып келгенин айтып, Украинадагы гуманитардык операцияларды активдештирүүгө чакырганы маалымдалган.

Эске сала кетсек, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин аскердик операция башталганын жарыялаган. Натыйжада Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу орун алган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM