Беларуста Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тууралуу БЕЛТА маалымдады.
Орусия делегациясын президенттин жардамчысы, мурдагы маданият министри Владимир Мединский жетектейт.
Ал эми Украина тараптан коргоо министри Алексей Резников, Жогорку Рададагы «Эл кызматчысы» фракциясынын башчысы Давид Арахамья, тышкы иштер министринин орун басары Николай Точицкий, президенттин кеңешчиси Михаил Подоляк жана башкалар барды.
27-февралда Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусиянын делегациясы Гомелге келгенин, украин өкүлдөрүн күтүп жатканын билдирген.
Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский Киев, Варшава, Братислава, Будапешт, Стамбул же Бакуда сүйлөшөрүн айтып: «Ооба, бизге башка шаарлардын бардыгы ылайыктуу. Өз аймагынан ракеталар учпаган өлкөдө», — деген.
Кийинчерээк сүйлөшүүлөр Украина менен Беларустун чек арасында болору белгилүү болгон. 28-февралда эртең менен Беларустун Тышкы иштер министрлиги эки делегация жолугуша турган жер даяр экенин кабарлаган.