Украинанын Евробиримдикке кирүү маселеси активдүү талкуулана турганын Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель BFM телеканалына билдирди.
«Бул — баары бир боло турган талкуу. Бирок бизде Украина менен абдан күчтүү келишим бар. Аны ишке ашырууну күчөтүү керек. Бул Украина менен экономикалык жана саясий байланыштарды бекемдейт», — деди ал.
Ошондой эле Европа кеңешинин өкүлдөрү бул маселени жогорку деңгээлде талкуулай турганын баса белгиледи.
Буга чейин Эстониянын премьер-министри Кая Каллас Евробиримдик Украинанын президенти Владимир Зеленскийге өлкөнүн уюмга кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча жооп бербегенин билдирген.
Эске сала кетсек, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин аскердик операция башталганын жарыялаган. Натыйжада Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу орун алган.