Украина президенти Владимир Зеленский Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен сүйлөшүп жатып, алдыдагы 24 саат Украина үчүн чечүүчү сутка болорун айтты.
Даунинг-стриттин маалыматына ылайык, Борис Жонсон Украинанын коргонуусу үчүн колунан келген жардамын сунарын билдирген. Ошондой эле Украина элинин баатырлыгын жана Зеленскийдин аракеттерин жогору баалаган.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, төрт күн ичинде Орусия армиясы 4500 адамын жоготкон.
Ал эми Беларусь учурда эки тарапты тынчтык сүйлөшүүсүнө көндүрүү аракетинде. Буга чейин орусиялык делегация сүйлөшүүлөр үчүн Гомель шаарына келгени айтылган. Ал эми украин тарап Беларустан сырткары жерде сүйлөшүү талабын койгон. Кийинчерээк Владимир Зеленский Александр Лукашенко менен телефондо сүйлөшкөн. Андан соң Беларусь тарап Орусиядан келген делегацияны дагы бир канча убакыт күтүп турууга көндүргөн.