Марал Радиосу

Евробиримдик Орусия үчүн аба мейкиндигин жапты

Евробиримдиктин аба мейкиндиги Орусиядан келген жүргүнчүлөр үчүн да, жеке учактар ​​үчүн да жабылат. Бул тууралуу Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен билдиргенин «РИА Новости» жазды.

«Биз Евробиримдиктин аба мейкиндигин орустар үчүн жаап жатабыз: биз Орусияга таандык, катталган жана көзөмөлдөнгөн бардык учактарга тыюу салууну сунуштап жатабыз. Бул учактар ​​мындан ары Евробиримдиктин аймагына коно албайт жана уча албайт», — деди ал.

Буга чейин «Ростуризм» Орусия менен аба каттамдары жабылган өлкөлөрдө калган орусиялык эс алуучуларга чет элдик жардамчы тиркемесине катталууга кеңеш берген.

Эске сала кетсек, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталганын жарыялаган. Натыйжада Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу орун алган.

Exit mobile version