Марал Радиосу

Түркмөнстан президенттик шайлоого карата 30 өлкөгө добушкана ачты

Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого карата дүйнөнүн 30 өлкөсүнө 41 шайлоо тилкесин ачты. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Добушканалар негизинен элчиликтерде, консулдуктарда уюштурулган. Аларды көзөмөлдөө милдети Түркмөнстандын вице-премьер-министри — тышкы иштер министри Рашид Мередовго жүктөлгөн.

Эске сала кетсек, Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2022-жылдын 12-мартында өтөт. Аларга тогуз талапкер катталган. Учурда талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары өтүп жатат.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар 12-мартта мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүлгөн. Мындай чечим өлкөнүн Демократиялык партиясынын кезексиз курултайында кабыл алынган.

Exit mobile version