Марал Радиосу

Украина Орусиянын үстүнөн БУУнун Эл аралык сотуна доо арыз менен кайрылды

epa09643741 Ukrainian President Volodymyr Zelenskiy speaks during an EU/Eastern partnership summit in Brussels, Belgium, 15 December 2021. EPA-EFE/JOHANNA GERON / POOL

Украина Орусияга каршы доо арыз менен БУУнун Эл аралык сотуна кайрылды. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн Twitter баракчасында билдирди.

«Орусия жооп бериши керек… Биз тез арада согуштук аракеттерди токтотууну буйруган чечим кабыл алууну суранабыз жана сот процесстери кийинки аптада башталышын күтөбүз»,  — деп жазган ал.

Буга чейин, орус делегациясы украиндер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Белоруссиянын Гомель шаарына келгенин жана сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирген.

Украина президенти Владимир Зеленский бүгүн, 27-февралда жасаган кайрылуусунда “аймагында ракета учпаган өлкөдө” гана сүйлөшүүлөр акыйкат болорун белгилеп, Белоруссияда жолугуудан баш тарткан.

Exit mobile version